Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин мүчөлөрүнө президенттик саат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 16-октябрда билдирди.
Президенттик сааттар жогоруда аталган кеңештин интеграция жана макроэкономика багыты боюнча мүчөсү Татьяна Валова, техникалык көзөмөл боюнча мүчөсү Валерий Корешков, соода-сатык боюнча мүчөсү Андрей Слепнев жана экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү Тимур Сулейменовго тапшырылды.
Мындан сырткары өлкө башчынын жарлыгы менен Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин бажы тармагындагы мүчөсү Владимир Гошин, Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес департаментинин директору Виталий Гудин, Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Владимир Скиба, Каржы саясаты департаментинин директору Бемба Хулхачиевге президенттик саат берилди.