Өкмөттүн кризиске каршы программасы бар жана ал программа боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Муну 15-октябрда өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. "Акыркы 9 айдын ичинде ички дүң продукциянын өсүүсү бардык тармактарда камсыздалды. Мисалга, өнөр жай тармагындагы өсүш 17 пайызды, айыл чарба тармагында 6 пайызды түзсө, курулуштун көлөмү 7 пайызга жогорулаган",- деди Сариев.
Премьер-министр жыл башынан бери инфляциянын төмөнкү деңгээлде кармалып турганын, жыл аягына чейин анын деңгээли 7 пайыздан ашпай турганын кошумчалады.
"Салыштырмалуу караганда, учурда Орусияда инфляциянын деңгээли 10 пайызды, Беларуста 9 пайызды, Казактанда 3 пайызды түздү. Айрым эксперттер Евразия экономикалык биримдигине кошулган соң баалар көтөрүлөт деген билдирүүлөрүнө карабастан, инфляция кескин көтөрүлгөн жок. Уюмга кошулган соң өлкөдө экспорттун көлөмү 2 эсеге жогорулады",- дейт өкмөт башчы.
Кризиске каршы программанын алкагында 40ка жакын атайын комплекстик чаралар каралып жатканы, ЕАЭБдин шартына адаптациялоо боюнча штаб иштеп, апта сайын маселелер оперативдүү түрдө чечилип жатканы айтылды.