Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25 жылдыгы 2016-жылы кыргыз өлкөсүндө белгиленет

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25 жылдык мааракеси 2016-жылы кыргыз өлкөсүндө өтөт. Муну 15-октябрда КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев билдирди. 
“Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин 25 жылдык мааракелик жыйынын Кыргыз Республикасында өткөрүү пландалып жатат. Бул окуяга байланыштуу эл аралык илимий-практикалык конференцияларды, мамлекеттер аралык көргөзмөлөрдү, аймактар аралык форумдарды өткөрүү пландалууда”,- деди Лебедев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 16-октябрда Казакстандын Бурабай кыштагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин жана Евразиялык жогорку экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындары өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан