Бишкекте бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө (фото)
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде "Күздүн гүлдүү өңдөрү" аталышында бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Анда гүлдүн 200гө жакын түрү көргөзмөгө коюлду. Гүл өстүрүүчүлөр клубундагы коллекционерлер каалоочуларга гүл өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшүп, пайдалуу кеңештерди беришүүдө. Иш-чара 18-октябрга чейин уланат.
Автор: Айпери Ганыжан кызыФото: Айпери Ганыжан кызы