Адахан Мадумаровдун тарапташы Аскар Салымбеков шайлоодо утулганын моюнга алды

"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын тең төрагасы Аскар Салымбеков парламенттик шайлоодо утулганын моюнга алды. Партия лидери өзүнүн интернет баракчасы аркылуу шайлоочуларына ыраазычылык билдирди. 
"Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыкты жарыялап, 6 партияга мандаттарды бөлүштүрдү. Биздин партиянын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн 1 пайыздай добуш жетпей калды (ред. 7 пайыздык чектин мисалында). Биз шайлоочулардын 6,1 пайыз добушун алдык жана 9 участка боюнча добуштарды кайра эсептеп чыгууну демилгеледик. БШКнын кызматкерлери мыйзам бузуу болгонун табышкан жок, бирок муну менен биздин партиянын иши жана биздин саясий ишмердүүлүгүбүз токтоп калбайт. Бул шайлоолордон алган тажрыйбанын негизинде тийиштүү жыйынтык чыгарабыз. Кетирилген катачылыктарды эске алабыз, кийинки күрөштөргө даярданабыз жана саясатчылардын жаңы муунун түзөбүз",- деп билдирди Салымбеков.
Эскерте кетсек, эки күн мурун аталган партиянын тең төрагасы Адахан Мадумаров бир катар участкаларда добуштарды кайра санатуу талабын токтото электигин билдирген эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан