"Кээ бир жарандар аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн бурчтарын кесип уурдап кетип жатышат". Муну бүгүн, 16-октябрда "Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасынын "Башкы" көмөк чордонунун башкы инженери Нурдин Дүйшөнов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мунун кесепетинен салмактуулукту жоготкон темир конструкциялар зымдары менен кошо жерге кулайт. Бул өз учурунда электр энергиянын өчүшүнө алып келет.
“Кээ бир тургундар тирөөчтөрүнүн бурчтарын кесип алып, башка максаттарына жумшашат экен. Андан көп деле металл чыкпайт, ошентсе да бекер пайда көрүп калууну ойлошот. Биздин дагы бир маселе, тургундар апрель, май айларында гектарлап өсүп, кургап калган камыш жана чөптөрдү өрттөп салышат. Андан чыккан от электр зымдарына чейин жетип, жарык өчөт. Мындайда мобилдик топ кээде түнү менен иштегенге туура келет”,- деди Дүйшөнов.