Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда түрк товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Ал кыргыз жергесинде 1996-жылдан бери уюштурулуп келет. Көргөзмөгө Кыргыз Республикасында иш алып барып келген түрк фирмалар катышууда. Андан кийим-кече, гигиена каражаттарын, тамак-аш азыктарын, тиричилик техникаларын жана башкаларды табууга болот. Жарманке 19-октябрга чейин уланат.