Бүгүн, 16-октябрь күнү Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда “Сергек жашоо үчүн чуркоо” марафону өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, марафонго Ош шаарынын 9-14 жаштагы өспүрүмдөрү катышты.
Иш-чараны вице-мэр Ильичбек Эргешов ачып, балдардын ден соолугу мамлекеттин эң биринчи байлыгы экенин белгиледи.
“Азыркы учурда жаш балдардын ден соолугунун начарлоосуна көптөгөн себептер бар. Алардын ичинде: ата-энелер балдарын алдын ала эмдетүүдөн баш тартуусу, ата-энелердин сабатсыздыгы, балдарынын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылуусу. Ушундай көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу зарылдыгы келип чыгууда. Ден соолугу бекем эл - күчтүү мамлекет. Ошондуктан мамлекет менен коомчулук биргеликте сергек жашоонун принциптерин жайылтуу керек”,- деди Эргешов.
“ Save the Children” Эл аралык уюмунун Борбор Азия аймагы боюнча директору Томас Вимбер:
“Марафондун Ош шаарында өтүп жатканына мен аябай кубанычтамын. Ушуну менен Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк сергек жашоо үчүн чуркоо кыймылына катышат. Бул чуркоо марафону дүйнөдөгү 60 мамлекетте өтөт. Марафондун максаты - балдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбоо”,- деп билдирди.
Марафонго жалпы 200дөн ашуун өспүрүм катышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамота, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
Аталган марафон өлкөдө 3-жолу өтүп жатат. 2013-жылы Бишкек шаарында, 2014-жылы Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлгөн.