10 500 балага жашоо шартынын оңолушуна байланыштуу мамлекеттен жөлөк пул берилбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга азайган. Бүгүнкү күндө 97 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 303 миң наристеси мамлекет тарабынан акчалай жардам алат.
2015-жылдын 1-июлунан тарта аталган жөлөк пул 705 сомдон 810 сомго көтөрүлүп, 15 пайызга жогорулаган.
Жалпысынан жыл башынан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына акчалай жардам катары 1 миллиард 775,1 миллион сом жумшалган.