Бүгүн, 16-октябрда акын-жазуучуларга балдар адабияты жаатындагы сыйлыктар тапшырылды. Өкмөттүн атынан быйыл балдар үчүн эң мыкты поэзиялык чыгармасы үчүн акын Байтемир Асаналиев, балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгарма жаатында жазуучу Жапарали Осмонкулов, ал эми дүйнөлүк балдар адабиятын кыргыз тилине эң мыкты которуу жаатында жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай сыйланышты. Сыйлыкты премьер-министр Темир Сариев тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев сыйлык ээлерин куттуктап, жеткинчектерге татыктуу тарбия берүүдө адабияттын мааниси абдан чоң экенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле балдар адабиятын кыргыз тилине которууга түрткү берүү максатын көздөйт. 2009-жылдан бери сыйлык үч номинацияда тапшырылып, жеңүүчүлөргө атайын төш белги жана 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.