Бүгүн, 16-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош
шаардык башкармалыгы тарабынан "Терроризмге жана экстремизмге каршы
турууда жаштардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү" аталышында тегерек стол
болуп өттү.
Иш-чарага күч түзүмдөрүнүн, мусулмандар казыятынын, билим берүү жайларынын өкүлдөрү, жогорку окуу
жайлардын студенттери жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп келген жаштар
катышты.
Талкуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү тарабынан ишке ашырылды. Анда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, видеоматериалдар
көрсөтүлдү. Катышуучулар өз ара пикир алмашып, диний терс көрүнүштөрдө биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулашты.