Жалал-Абад облусунда бүгүн, 16-октябрда саат 14:58де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынын очогу Фергана тоо кыркаларында, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүккө жана Чалдыбар айылынан 15 чакырым түштүккө карай алыстыкта болгон. Калк көп отурукташкан бул аймактарда жер титирөөнүн күчү 3 баллдын тегерегинде болгон.