11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүйдөгү №50-түзөтүү колониясынан качкан кылмышкерлердин бардыгы табылмайынча, издөөлөр токтотулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда
SUPER.KG порталына ИИМден убадалашты. Маалыматка ылайык, учурда боштондуктагы 3 кылмышкерди издөөлөр Бишкектеги Эне-Сай, Дордой, Дордой-1 конуштарында күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Дордой конушундагы үйлөрдүн биринде түрмөдөн качкан 4 кылмышкердин бири 1976-жылы туулган
Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөн.