Түрмөдөн качкан кылмышкерлердин Дордой конушунда жүргөнүн маалымдаган жаранга 300 миң сом берилбейт

№50-түзөтүү колониясынан качкан кылмышкерлердин Бишкектеги Дордой конушунда жүргөнүн маалымдаган жаранга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 300 миң сом сыйлык бербейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Мекемеден кабарлашкандай, кылмышкерлер боюнча маалымат УКМКга эмес, милицияга түшкөн. 
Айта кетсек, УКМК №50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн 300 миң сом сыйлык жарыялаган. Кечээ алардын бири 1976-жылы туулган Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан кылмышкерлер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМК жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз, анонимдүүлүк сакталат:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – (0312 66-04-75)

 

ЖАМКтын ишеним телефону – (0312) 62-65-04

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (66)
AZIK01
2015-10-17 14:26:29
Жаш баланы ишин кылышатта!
+5
aya88
2015-10-17 14:39:33
Ошол 300мин сомду турмонун коопсуздугуна жумшагыла. Калпычылыкты таштасак боло
+3
aminali
2015-10-17 15:00:55
Кыргызча жазылганы жакшы болду. Орустар тушунсо шылдындайт. Жон гана койсо болмок акча бербесе да айтышмак эл.
+2
anyaza
2015-10-17 18:02:20
Мына кызык,Милиция да УКМК дагы бир эле министирлике башийетко.Биздин УКМКчылар турмодогулорду койберип алышып элге акча сунуштап бир конкурус откоруп аткандай эле туюлуп атат мага.Сеники туура,сеники туура эмес чалуу болду деп.
+3
sveet
2015-10-17 18:08:42
oi toboo kantseda mentterda, oilop tapkandaryn karasan. men bolsom bul kachkindardy korsomda aitpaim antkeni bizdin militsyadan korkom ishenimim takyr jok, kaira ozundu gruztetip koiushat.
+1
NARYNGRAD
2015-10-17 19:52:29
Мент- не кент!!!
+1
Ayida
2015-10-17 21:34:46
Итибаев Алтынбек дегендин бешенесин карасанар намазга коп жыгылган адамдардыкындай из так бар экен анан неге бул адам кылмышкер аталды неге кылмыш кылат тушунбоймун?
-1
Truelensk
2015-10-17 23:25:36
Милициянын акча бергенин кормок турсун уга элекмин.алар алганды эле билет да,эми УКМКнын номерине чалсан озунду кошуп камайт анан акча умутотуп кор.
+4
mirlanchik9
2015-10-18 01:29:22
Акчаны бергер. Военная тайна деген гриф бар же защита свидетеля. СНБ таза иштеген бул жерде.
-1
Supataev.Salamat
2015-10-18 08:25:19
Бербейт экен тамашалап койушуптур)))
+1
Nur9397
2015-10-18 21:49:26
эми эптеп элди алдаш керекта
+1
Akil8484
2015-10-19 09:21:14
Тазабы таза эмесби кандай болсо дагы талапты коюп жатканда ГКНБба чалганга гана бар деп жазылыш керек болчу эми ага чалабы буга чалабы кимге чалса да бул акча каражаты берилбейт бул жакта келишим менен иштеген адамдарга да мам акчасын бербей жатпайбы силердин акчанар откондо жайында кылмышкерледи тазалоо учурунда 300 000 сом акча каражатынар кетип калган деп да коюшу мумкун
+1
Azura
2015-10-19 09:45:26
независимо кимге чалды,берилиш керек, аларды коргондо укмунын номери канча эле деп издеп журмок беле,милицияныкын тапкан оной
0
GULZAT.83
2015-10-19 10:01:59
тообаа дагы бир жолу там бердим Кыргызстан республикасына. кыргыз олкосуно.кыргыз мамлекет башчыларына
0
Azura
2015-10-20 14:26:20
берилбесе койсун,тапса болот эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан