Жогорку Соттун төрайымы
Айнаш Токбаева 16-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча комиссарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай,
жолугушууда БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Маки Шинохара Кыргыз Республикасы менен БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду. "Башкы комиссар Кыргыз Республикасына карата бюджетти кыскартууда, себеби кыргыз өкмөтү качкындар боюнча суроолорду өз алдынча чечип жатат. Бул кубантпай койбойт",- деди ал.
Айнаш Токбаева акыркы жылдардагы качкындарга байланыштуу соттук иштердин статистикасына токтолду. Анын айтымында, 2014-жылы жергиликтүү сотторго жалпысынан качкындар статусу боюнча 91 иш келип түшүп, анын 76сы каралып, 5 иш канааттандырылган. Канааттандырылбаганы 60 иш, кыскартылганы 3, кароосуз калтырылганы 8 иш болгон. Ал эми Жогорку Сотко 2014-жылы 30 иш келип түшүп, 30у тең күчүндө калтырылган. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жогорку Сотко 58 иш келип түшүп, анын 52си күчүндө калган.