Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте "Жаштардын жеке ишкерлиги" долбоорунун "Инвестордун күнү" аталышындагы финалдык бөлүгү өтүп жатат. Анын жүрүшүндө "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын вице-президенти
Родни Ступарек "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүү иштери 10 жылдан кийин аяктаарын билдирди.
"Биздин кыргыз жеринде иштегенибизге 25 жыл болду. Кенде өндүрүү иштеринин 70 пайызы аткарылып бүттү. "Кумтөрдө" иштер аяктагандан кийин кенде иштеп жаткан жарандарды жумуш менен камсыздоо маселеси жаралат. Мындан улам биз аталган долбоорду уюштуруп жатабыз. Анын алкагында Ысык-Көл облусунун түштүк аймагында иш жүзүнө ашырыла турган 15 чакты бизнес-план тандалат. Авторлордун ар бирине бизнес-планын ишке ашырууга 10 миң долларга чейин көлөмдө грант бөлүп беребиз",- деди Ступарек.
Айта кетсек, аталган долбоорго 18 жаштан 27 жашка чейин жаштар катышып, курулуш, тейлөө, айыл чарба тармактарында жеке ишкерликти түзүү боюнча өз бизнес-пландарын сунуштап жатышат. Уюштуруучулар айтышкандай, долбоордун башында жалпысынан 300дөн ашуун бизнес-план сунушталган. Финалдык бөлүккө 46 бизнес-план өткөн.