Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутат болчу талапкерлердин тизмесин тактай элек. Бул тууралуу 17-октябрда БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева SUPER.KG'ге: "Тизме 16-17-октябрь күндөрү такталышы керек болчу, бирок тактала элек",- деп билдирди. Тизме эмне себептен кечигип жатканынын себебин айткан жок.
Айта кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, парламентке 6 партия өткөн. Шайлоодон алган добуштарга ылайык, КСДП 38, “Республика-Ата Журт” 28, “Кыргызстан” 18, “Өнүгүү-Прогресс” 13, “Бир бол” 12, “Ата Мекен” 11 мандатка ээ болгон.