Нарын облусунун Достук айылындагы орто мектептин спорттук залын капиталдык оңдоого 1 миллион 114 миң сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан 17-октябрда билдиришти. Ага бөлүнчү каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан каралат.