“35 жыл гана жашаса да миң кылымдык өнөрдү мурас кылып калтырган кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына бүгүн биз таазим этип, анын рух дүйнөсүнө дагы бир жолу адамдык урматыбызды, сыйыбызды билдиргени турабыз. Алыкул Осмонов – чыныгы акындык өнөрдүн символу, кыргыз поэзиясынын туу чокусу. Алыкулдун Ата Журтубузду даңктаган ырлары - эң оболу туулган жерге болгон инсандык, мекенчилдик сүйүүнүн эталону”,- деди Темир Сариев өз сөзүндө.
Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын алкагында бир катар иштер аткарылганын билдирди.
“Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен эле чектелбестен, жакында Түркияда акындын тандалган ырларынын жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү. Эскерүү кечелери боордош өлкөнүн бир нече шаарында өттү. Ал эми 29-октябрда Бишкекте Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул аткарылып жаткан иштер акындын баа жеткис поэзиясынын алдында эч нерсеге татыбайт, анткени Алыкул өзүнүн ыры менен бүтүндөй бир доорду жаратты”,- деп кошумчалады Сариев.
Ошондой эле Сариев Алыкул Осмоновдун фондун түзүп, анын чыгармачылыгын изилдеп, китептерин бастырып, музейин ачууга аракет кылган топко президенттин жана өкмөттүн атынан акчалай каражатты тапшырды.