Өлкө башчы Кыргыз Эл акыны Омор Султановду 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз Эл акыны Омор Султановду 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Өлкө башчынын куттуктоо тексти:

“Урматтуу Омор Султанович! Сизди 80 жылдык торколуу мааракеңиз менен куттуктайм!

Калың кыргыз журтчулугу сизди көркөм сөздүн чебери, улуттук поэзияда өзүнүн татыктуу орду бар көрүнүктүү акындардын бири катары жакшы билет. Сиздин калемиңизден жаралган поэтикалык чыгармалар калың кыргыз журтчулугунун элегинен өтүп, өз окурмандарын тапканы, дүйнө элдеринин орус, англис, немис, испан, монгол сыяктуу көп тилдерине которулганы – түйшүктүү чыгармачылыгыңыздын жемиши.
Сиз Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Бартольд Брехттин, Пабло Неруданын, Габриела Мистралдын, Владимир Маяковскийдин, Назим Хикметтин, Кайсын Кулиевдин, Расул Гамзатовдун, Илья Драчтын, Эдуард Межелайтистин жана башка дүйнөгө таанымал акындардын мыкты чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуз.

Сиздин чыгармачыл эмгегиңиз мамлекет тарабынан жогору бааланып, III даражадагы Манас, Ардак белгиси ордендери менен сыйландыңыз. “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” эң жогорку наамы ыйгарылды. Түрк тилдүү мамлекеттерде 2015-жыл - Омор Султановдун жылы деп жарыяланышы сиздин чыгармачылыгыңызга, талантыңызга жалпы түрк дүйнөсү тарабынан берилген эң жогорку баа.

Сиз 80 жылдык бийик ашууну багындырсаңыз да, өзүңүз жазгандай чарчоого алдырбай, мындан ары дагы көрүнүктүү чыгармаларды жаратып, элибиздин дилин тазартууга, жаратмандыкка жана жакшылыкка чакыра бересиз деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук, узак өмүр, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан