Сот "Республика - Ата Журт" партиясынын 8 талапкеринин арыздарын канааттандырган жок

Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын 8 талапкеринин тизмеден чыгарылышы боюнча маселе каралды. Анын жыйынтыгында судья бардык 8 арызды тең канааттандырбай, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, жакында аталган партиянын 15тей талапкери тизмеден мыйзамсыз чыгарылганын айтып, БШКнын алдына митингге чыгышкан. Алар тизмеден өздөрүнүн макулдугусуз жана негизсиз чыгарылганын айтып жатышат. Ал эми партия лидерлери талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калышканы үчүн тизмеден чыгарылганын билдиришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан