19-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тоңголок жана тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
"Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында +6…+11 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +4…+9 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…+5 градус болушу күтүлөт",- деп жазылат маалыматта.
Аталган мекеме мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын баса белгиледи.
"19-20-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде -1…-3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү жыйналбаган жемиш бактарына, жашылчаларга жана казып алынып, жабылбаган картошкага коркунуч алып келет",- деп кошумчалады ӨКМ.