17-октябрда Бишкекте Шаар күнүнө арналган веложүрүш өттү. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, веложүрүшкө 300 адам катышып, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Жол-кайгуул кызматы коштоп жүрдү. Нөшөрлөгөн жаанга карабай бардык катышуучулар марага жетишти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов да катышты.