17-октябрда Бишкекте "Жаштардын жеке ишкерлиги" долбоорунун алкагында "Инвестордун күнү" аталышындагы бизнес-долбоорлордун финалдык тандоо бөлүгү өттү. Анын жыйынтыгында калыстар 17 жаш жеке ишкердин бизнес-пландарын жактырышып, аларга зарыл болгон жабдуулар “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын каржылоосу менен алынып берилмекчи.
Иш-чаранын жүрүшүндө бул мекеменин вице-президенти Родни Ступарик "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүү иштери 10 жылдан кийин аяктаарын билдирди.
"Биздин кыргыз жеринде иштегенибизге 25 жыл болду. Кенде өндүрүү иштеринин 70 пайызы аткарылып бүттү. "Кумтөрдө" иштер аяктагандан кийин кенде иштеп жаткан жарандарды жумуш менен камсыздоо маселеси жаралат. Мындан улам биз бул долбоорду уюштуруп жатабыз. Анын алкагында Ысык-Көл облусунун түштүк аймагында иш жүзүнө ашырыла турган 15 чакты бизнес-план тандалат. Авторлордун ар бирине бизнес-планын ишке ашырууга 10 миң долларга чейин көлөмдө грант бөлүп беребиз",- деди Ступарек.
Уюштуруучу уюм "Борбор Азиядагы Евразия фондунан" билдиришкендей, “Жаштардын жеке ишкерлиги” долбоорунун башында жалпысынан 350дөн ашуун бизнес-план сунушталган. Экинчи этапка 230у жактырылып, финалдык бөлүккө 46 бизнес-план өткөн. Долбоорго 20 жаштан 28 жашка чейин жаш жеке ишкерлер катышып, курулуш, тейлөө, айыл чарба, медицина, туризм тармактарында жеке ишкерликти түзүү боюнча өз бизнес-пландарын сунушташкан.
Финалдык бөлүктө калыстар эң мыкты деп 17 бизнес-планды тандашты. Жеңүүчү бизнес-пландардын арасында "Курулуш үчүн заманбап жабдууларды ижарага берүү", "Күнөскана", "Контейнерден жасалган мончо", "Квадро-тур", "Стоматология борбору", "Кургатылган жемиштер", "Таш төшөлгө", "Массаж борбору", "Козу карындарды өстүрүү" жана башкалар болду. Бул бизнес-пландардын авторлорунун ар бирине зарыл болгон жабдуулар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада алынып берилмекчи.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Стоматология борборун ачууну сунуштаган Жыргалбек Ибраевдин айтымында, анын жердештери тиштерин дарылатыш үчүн Бишкекке барышат. "Биздин айылда тиш дарылоочу мамлекеттик поликлиника бар, бирок тургундардын көбү борбор калаага барып дарыланышат. Ошондуктан мен айылымда заманбап жабдуулар менен иштеген Стоматология борборун ачууга ниеттенип жатам. Айылдаштарым Бишкекке барбай эле, туулган жеринде дарыланса деген үмүттөмүн",- дейт Ибраев.
Өзгөчө идеясы менен Азим Казакбаев долбоордун катышуучуларын кызыктырды. Ал контейнерден мончо жасоону сунуштады. Анын айтымында, айылдарда мындай мончолор чоң суроо-талапка ээ болот. "Контейнерден жасалган мончону ордунан башка жерге жылдырууга мүмкүн болгондуктан, курулуш компаниялары буга кызыкдар болушат. Айылда мончолор аз болгондуктан, баалар кымбатыраак. Контейнер-мончолордо жуунуу акысы кыйла арзан болушу күтүлөт",- деди Казакбаев.