Эртең, 20-октябрда "Киркомстром" суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 15:00гө чейин баш калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дэн Сяопин, Абаканская, Мурманская, Садыгалиев, Волкова жана Кустанайская көчөлөрүндө суу берилбейт. "Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан алдын ала кечирим сурап, таза суу камдап алууга чакырат.