Калыс-Ордо жаңы
конушунда 760 балага ылайыкташкан мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн,
19-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой,
курулуш иштери 16-октябрда мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш
башкармалыгы тарабынан башталган. Ал 2015-жылдын 13-апрелинен тарта үч тараптуу №1-келишимге
ылайык ишке ашып жатат. Жаңы мектеп Кытай
грантынын негизинде салынууда.