Жогорку Соттун төрайымы
Айнаш Токбаева бүгүн, 19-октябрда Москвага иш сапары менен жөнөп кетти. Муну
аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, эртең,
20-октябрда Токбаева кезектеги экономика алкагындагы иштер боюнча
талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана
башка соттордун төрагалар кеңешинин он экинчи отуруму жана Көз карандысыз
Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык сотунун пленумунун отурумуна
катышмакчы.