Алмазбек Атамбаевге түрмөдөн качкандарды кармоо аракеттери тууралуу маалымат берилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-октябрда ички иштер министри Мелис Турганбаев менен жолугушуп, өлкөдө кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. 
Турганбаев Чүйдө түрмөдөн качкан кылмышкерлерди издөө жана кармоо аракеттери күчөтүлгөнүн, ички иштер органдарынын бардык оперативдүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантып жатканын айтса, президент министрликке кылмышкерлерди жакын арада кармоо үчүн бардык күчтү жумшоо тапшырмасын берди. 
Өлкө жетекчиси ички иштер министрине мамлекетте коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча башка бир катар тапшырмаларды бергенин билдиришти президенттик аппараттан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан