Эртең, 20-октябрда Бишкекте жылытуу мезгили башталат. Мындай маалыматты бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, биринчи ирет жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи ирет жылуулук энергиясы боюнча өткөн жылдан калган карызы жокторго берилет.