Бүгүн, 19-октябрда
Бишкектеги Тарых музейинде кыргыз жергесинин Социалдык кызматкерлеринин жана
профсоюздарынын күнүнө арналган салтанаттуу азем өттү. Ага шаардын вице-мэри Айгүл
Рыскулова, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Абылаев жана
кече ээлери катышты.
Куттуктоо сөзү
менен вице-мэр Рыскулова чыгып, социалдык коргоонун мыкты кызматкерлерин Ардак
грамоталар менен сыйлады. Салтанаттуу
иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.