Ошто аскер кызматкерлеринин балдары үчүн аянтча ачылды

Ош шаарында 17-октябрь күнү КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Түштүк-батыш аймактык командалыгынын аскер кызматкерлеринин балдарына ыроолонуп оюн аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ачылыш аземине вице-мэр Ильичбек Эргешов, полковник Эрнист Тердикбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Балдар аянтчасы президент Алмазбек Атамбаевдин берген 500 миң сомдук сертификатынын негизинде курулду. Анын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. 
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга таттуу белектер таратылды",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-10-19 16:14:45
shailoo2015 - эскертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан