Коммерциялык банктардын 2015-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн берген отчёттору боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-3» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 8425 айылдык товар өндүрүүчүгө жалпы суммасы 3 миллиард 256,5 миллион сомду түзгөн насыя берилди. Көрсөтүлгөн суммадан фермерлер мал чарбачылыкка 2,5 миллиард сом, кайра иштетүүгө, үрөн, асыл тукум жана айыл чарба кооперативдерине 355,2 миллион сом, багбанчылыкка 335,5 миллион сом алышты. Көрсөтүлгөн мезгилде «Айыл чарбасын каржылоо-3» долбоорун субсидиялоого республикалык бюджеттен 235,2 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген каржы-насыя мекемелеринин фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүдөгү пайыздык чендерин субсидиялоого 2015-жылдын такталган бюджетинде 392,6 миллион сом каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктын же адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин ар айлык кредиттөө көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй коэффициенттери алынууда:
- багбанчылык жана мал чарбачылык секторлорунун кредиттери үчүн – 10,34. Алардын бир бөлүгү 2015-жылы 6,97 эсептик коэффициенттери боюнча, экинчи бөлүгү 2016-жылы 3,37 эсептик коэффициенттери боюнча которулат;
- айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү секторунун, үрөн жана асыл тукум чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин кредиттери үчүн – 12,75. Алардын бир бөлүгү 2015-жылы 8,20 эсептик коэффициенттери боюнча, экинчи бөлүгү 2016-жылы 4,55 эсептик коэффициенттери боюнча которулат.