Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүп, экөө тең көрсөтмө берди. Залда Нарымбаев тергөөдө өзүнө карата далилсиз айыптар тагылып жатканын айтса, Коркмазов болсо Нарымбаев Түлеевдин жакындарынан акча суратканы чын экенин билдирди. Экөөнүн тең көрсөтмөлөрү каралып, жыйынтыгында судья кийинки отурумду 22-октябрга белгиледи.