А.Маматалиев өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулуп жаткан атайын корпустун курулушу менен таанышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Вице-премьер-министр курулуп жаткан корпустун жабдылышына өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абактын курулушу тийиштүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен талкууланарын кошумчалады.