Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай-курулуш департаменти тарабынан Балбан-Таймаш конушундагы белгисиз жарандардын муниципалдык жерди басып алуу фактысы аныкталды. Бардык жер тилкелеринде пайдубалдар курулган. Бул тууралуу 19-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин өз билемдик менен басып алууну токтотуу боюнча мэриянын туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, 2015-жылдын 16-октябрында конуштун түндүк бөлүгүндөгү, П.Лумумба көчөсү боюнча Чоң Чүй каналынын түштүк тарабындагы үч пайдубал буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.