2015-жылдын 20-21-октябрында Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3°С`ге чейин төмөндөп, үшүк жүрүүсү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүүсү жылуулукту сүйүүчү жыйналбаган жемиш бактарына, жашылчаларга жана казылып алынып, жабылбаган картошкага коркунуч алып келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.