Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Өргөө (Кербез, Жаңыл Мырза, Кырк-Кыз, Алтын-Бакан көчөлөрүндө) конушунда, Кара-Суу көчөсүндөгү №71-көп кабаттуу үйдө трансформаторлор жана үй ичиндеги тармактар оңдолот. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Маловодное айылында, Ысык-Ата районуна караштуу Туз (Тентишев, Осмонов, Дербишев, Дайырбек, Максүтбаев, Октябрь көчөлөрүндө), Интернационал (Октябрдын 50 жылдыгы, К.Маркс, Пушкин, Лермонтов, Биринчи Май, Интернационал көчөлөрүндө), Боз-Бармак (Тердикбаев, Шопоков, Токтогул көчөлөрүндө), Жар-Башы (Телебаев көчөсүндө), Чоң-Далы (Бөлөбалаев, Күрөңкеев, Марс көчөлөрүндө), Жедигер (Токтогул, Бөкөнбаев, К. Маркс көчөсүндө), Сары-Жон (Сары-Жон, Бөкөнбаев, Школьная, Фрунзе көчөлөрүндө), Ленин (Садовая көчөсүндө), Төмөнкү-Серафимовка (Подгорная көчөсүндө.), Алмалуу (Түлөбердиев, Каралаев көчөсүндө.), Тогуз-Булак (Школьная, Бөкөнбаев көчөлөрүндө), Ичке-Суу (Алыбаев көчөсүндө), Жогорку Ичке-Суу, Таш-Башат, Тоолуу-Серафимовка (Межинский көчөсүндө), Үч-Эмчек (Кыпчак көчөсүндө), Нооруз (Жакишев көчөсүндө) айылдарында электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан