Өлкөдө жалпы 2640 мечит бар болсо, анын 626сы мамлекеттик каттоодон өткөн эмес
Өлкө аймагында жалпысынан 2640 мечит бар болсо, анын 2014ү мамлекеттик каттоодон өткөн, 626сы каттоодон өтө элек. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтийМаксатбек ажы Токтомушев 19-октябрда атайын жыйын өткөрүп, мечиттерди каттоодон өткөрүүнү тездетүү боюнча катуу талап койду. Облус аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттердин санын жана катталган мечиттердин жалпы так эсебин берүү боюнча тиешелүү бөлүмдөр облустук казыят менен байланышып, такташмакчы. Азирети муфтий тиешелүү бөлүмдөргө атайын тапшырмаларды берип, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө кандай орчундуу маселелер жаралып жаткандыгы, имамдардын каттоо ишиндеги жоопкерчиликтери жана милдеттери боюнча жыйындын жүрүшүндө айтып өттү.