Баткенде эмгек мигранттарынын балдарына жардам бере турган борбор ачылат

23-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында эмгек мигранттарынын балдарына жардам бере турган борбор ачылат. Муну бүгүн, 20-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин каражатына бул долбоорду ишке ашырып жаткан “Стимул” коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, бул борбор Баткенде биринчилерден болуп жашоонун кыйын кырдаалына туш болгон жана зомбулуктан жабыркаган балдарга социалдык кызмат, психологиялык жардам жана юридикалык консультация көрсөтөт.

"Аталган борбор 20 наристеге ылайыкташкан. Ал көбүнчө туугандарына жана жакындарына ташталган эмгек мигранттарынын балдары менен иш алып барат. Мекеме жергиликтүү Социалдык өнүгүү башкармалыктары жана билим берүү жайлары менен биргеликте иштеп, балдарга карата зомбулук фактыларын аныктайт.   

Айта кетсек, балдарга жардам бере турган борбордун кызматкерлери август жана сентябрь айларында Лейлек районунда жашаган балдарды текшерип, алардын 34тү турмуштун кыйынчылыгына учураганын аныкташкан. Ал наристелердин 8и эмгек мигранттарынын балдары болуп чыккан",- делет маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sultan89
2015-10-20 11:50:49
Ошону ачкандан кийин жазсанарда болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан