Башкы салыкчы чек арачылардан ишкердик максатта товар ташыган бардык жактарды эсепке алууну суранды

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов чек арачылардан ишкердик максатта товар ташыган бардык жактарды эсепке алууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Осмонов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Манас районунда жайгашкан “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Осмоновдун айтуусу боюнча, салык төлөөдөн баш тартуу максатында айрым ишкерлер жаңы схемаларды ойлоп табуу менен, талон толтуруп жатканда товарлардын баасын төмөндөтүп көрсөтүп жатат.

"Үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасына 1237 тонна ун алынып келинген, муну менен анын суммасы 4 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Демек, ушул эле учурда ундун базардагы баасы 20-23 сом болуп жатканда импорттолуп келген 1 килограмм ундун орточо баасы 3 сомду эле түзүп калган. Ушулардын айынан ак ниет ишкерлер менен республиканын бюджети зыян тартууда", - деди өлкөнүн башкы салыкчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан