Бишкекте уй эти, кумшекер, өсүмдүк майы кымбаттоодо

Экономика министрлиги мониторинг жүргүзүп, өлкөдө азык-түлүк кымбаттап жатканын (15-октябрга карата) билдирди. Бир аптада айрым товарлардын баасы 11 пайызга чейин кымбаттаганы айтылды. Сүт, кумшекер, өсүмдүк майы, бензиндин баалары өсүүдө. 
Бишкекте экинчи сорттогу ун 0,84 пайызга, кумшекер 0,26 пайызга, өсүмдүк майы 0,89 пайызга, уй эти 0,99 пайызга, чочко эти 0,15 пайызга кымбаттаса, башка аймактарда баалардын өсүшү мындай:
Нарын шаары: кумшекер 6,60 пайыз, өсүмдүк майы 5 пайыз.
Балыкчы шаары: сүт 9,09 пайыз, кумшекер 0,97 пайыз.
Чолпон-Ата шаары: буудай 11,76 пайыз, күрүч 1,5 пайыз.
Каракол шаары: буудай 2,17 пайыз.
Ош шаары: АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 2,74 пайыз. 
Бишкекте, Нарында, Таласта, Жалал-Абадда койдун эти арзандаганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан