Абактан качкан кылмышкерлерди издөө улантылып жатат

Абактан качкан кылмышкерлерди издөө улантылып жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге 20-октябрда билдиришкендей, издөө иштери азырынча натыйжа бере элек. Тинтүү Бишкектин түндүк тарабындагы жаңы конуштарда улантылып, ага 1000дей милиция тартылган. 


Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 3 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.

Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн.

№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dawa
2015-10-20 11:30:37
Алыста журуп мекенимден сары санаамын эч кимге зыяны тийбей табылып калса экен
0
Book
2015-10-21 18:30:11
Эмнеге качаарга жакын сүрөткө тартты экен???же ай сайын сүрөткө тартабы буларды...????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан