4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Таза шайлоо" ассоциациясы 300 эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган ассоциациянын өкүлү Рахат Рахматова 20-октябрда шайлоонун жыйынтыгы боюнча өткөн тегерек столдо билдирди. Анын билдиришинче, мыйзам бузуулар документи жок жарандарга бюллетень берүү, идентификациялык жабдуулар, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүүнүн сырдуулугун ачыкка чыгарып салуу фактылары боюнча катталган.
Айта кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, парламентке 6 партия өткөн. Шайлоодон алган добуштарга ылайык, КСДП 38, “Республика-Ата Журт” 28, “Кыргызстан” 18, “Өнүгүү-Прогресс” 13, “Бир бол” 12, “Ата Мекен” 11 мандатка ээ болгон.