Ош. Мектеп жана бала бакчаларга тиешелүү жерлердин сатылышы жаңы имарат курууда тоскоолдук жаратканы айтылды

Бүгүнкү күндө бала бакча же мектеп имаратын куруу үчүн Ош шаарынын айланасында жер калган эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Жибек-Жолу” аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушуусунда билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, буга чейинки жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан билим берүү тармагына бөлүнгөн жерлер сатылып кеткен.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектеп же бала бакча куралы десек, шылуун атка минерлер тиешелүү жерлерди сатып жиберишкендиктен кура албай жатабыз. Аргасыздан жеке менчиктен жерди сатып алып, билим берүү имараттарын куруу аракетиндебиз. Азыркы учурда “Курманжан датка-2” аймактык кеңешиндеги жеке менчик имаратын мамлекетке сатып алып, аны оңдоп-түзөөдөн өткөргөн соң бала бакча катары пайдаланууга беребиз”,- деди Кадырбаев.

Калаа башчысынын айтымында, “Жибек-Жолу” аймактык кеңешиндеги 4 гектар жерге мектеп жана бала бакча куруу максатында жерди пайдалануу максатын өзгөртүү үчүн тиешелүү документтик иштер жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, акыркы 1,5 жыл ичинде Ош шаарында 6 бала бакчанын курулушу башталып, ушул кезге чейин 2 бала бакча пайдаланууга берилди. Калган төрт бала бакчанын биринин курулушу бүтүп, үчөөнүн чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан