Энергетикалык эксперт Расул Умбеталиев Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууда мыйзам бузуулар болуп жатканын айтууда. "Электр станциялары" ишканасы быйыл 20-августта ЖЭБге 1 миллиард 260 миллион сомго 450 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча электрондук сатып алуу жүргүзгөнүн, 1 тонна көмүр 2800 сомдон бааланганын айтат эксперт.
"Соодалашуунун жалгыз катышуучусу "Кыргыз көмүр" ишканасы болду. 2015-жылдын 16-октябрында Бишкек ЖЭБге 1 миллиард 260 миллион сомго 450 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча "Электр станциялары" өзүнүн тендердик комиссиясынын 12-октябрдагы чечимине ылайык, "Кыргыз көмүр" менен келишим түздү. Тендерге катышууга арыз берерде салык боюнча 28 миллион 217 миң сом, Социалдык фондго 7 миллион 130 миң сом карызы болгон. Бул ишкана 450 миң тонна көмүр өндүрө албайт, анткени Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин тийиштүү комиссиясы анын лицензиясын жокко чыгаруу маселесин чечип жатат",- дейт Умбеталиев.
Эксперт мыйзам боюнча салык жана Социалдык фондго карызы бар ишканалар соода иштерине катышууга укуксуз экенин айтууда. "Электр станциялары" ишканасынын тендердик комиссиясы, Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкармалыгы мыйзамды бузуу менен мындай чечим кабыл албашы керек болчу",- деди эксперт.