Парламентке өткөн партиялардын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлердин арыздары каралууда

Бүгүн, 20-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында парламентке өткөн партиялардын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлердин арыздары каралууда.
"Республика-Ата Журт" партиясынан талапкер Закир Шарапов: "4-октябрдан бери мен эч кандай арыз жазган эмесмин. Шайлоого чейин жазгам, бул партияга жазылган арыз болчу. Менин атымдан жасалма арыз берилиптир. Азыр ошонун артынан жүрөм, бирок мен 2010-жылы да талапкер болуп өтпөй калып, БШК талапкер катары өзүмдү чакырып арыз жаздырган. Азыр арыз жазган эмесмин",- деди.
БШКнын төрагасы Т.Абдраимов: "Шайлоодон кийин талапкерлерге маселени караганча тизмеден чыгам же чыкпайм деп кат жазгыла дегенбиз. Жазгандар жазды. Чыкпайм дегендер да болду. Эми 700дөн ашык талапкерди чакырып биз күтө албайбыз",- деген оюн айтты.
"Өнүгүү" партиясынан талапкер Нургазы Айдаров да шайлоодон кийин арыз жазбагандыгын айтып: "Мен сиздерге 15-октябрда кат менен келгем. Бул жерден ящикке сал дегенинен салып койгом, бирок ал силерге жетпептир. Мен мандат талашкан жокмун, болгону менин укугумду тепселеп коюшту",- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан