"Бири-бириңер менен атышкыла, өлтүргүлө, бирок бизди аралаштырбагыла",- деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Туйгунаалы Абдраимов "Республика-Ата Журт" партиясынан чыгарылган талапкерлерге кайрылып. Мындай пикирин БШКнын 20-октябрда өткөн жыйынында айтты. Төрага талапкерди тизмеден чыгаруу партиянын ички иши экенин белгиледи.
"Бизди өз ишиңерге аралаштырбагыла, биз иштешибиз керек. Партиянын ички маселесин чечүү БШКнын позициясына жатпайт",- деди төрага.
Жыйынтыгында төрага 9 талапкердин сотко жазган арызын Жогорку Сот караган соң кайра БШК карап чыга турганын билдирди.
Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" партиясы 15-октябрда 70 талапкерин "бир мандатка жетиштүү добуш ала албады" деп тизмеден чыгарган. Алардын 15и тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогонун билдиришип, анын 8и Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 18-октябрь күнү арыз менен кайрылышкан. Сот алардын арызын канааттандырган эмес. Ошондой эле "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын бир талапкери бар.