Шашылыш билдирүү! 22-24-октябрда аба ырайы кескин төмөндөп, жамгыр карга айланышы мүмкүн

22-24-октябрда ченемден тышкары суук жана жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоо этектеринде кар жааса, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. 
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altynka95
2015-10-20 16:02:46
Кар жаабай турсун кышка даяр емеспиз
+1
jon.as
2015-10-21 08:22:09
Камчаткада каар жаап, суук боло баштады...(
0
kadamjai90
2015-10-21 13:23:02
Жамгырда жаабай турсун гуручту жыйып алайык.
0
Sunrice
2015-10-21 14:28:09
Кар жаасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан