Бүгүн, 20-октябрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Улуу Ата Мекендик согуштун Ыраакы
Чыгыштагы антияпондук оперциясына катышкан 6 ардагерге майыптар арабаларын белек кылды. Иш-чаранын
алкагында 6 араба ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана өзгөчө жардамга муктаж
болгон ардагерлерге берилгени айтылды. Маалыматка ылайык, учурда аталган салгылашка катышкан шаардык жана райондук аскер комиссариаттарына катталган 60
ардагер бар.
Белектерди тапшырууга Коргоо
министрлигинин жана шаардык аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү катышты.