"Тизмеден чыгарылган талапкерлердин арызы боюнча Жогорку Соттун жыйынтыгы чыкмайынча депутаттарга мандат берилбейт". Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Туйгунаалы Абдраимов 20-октябрда өткөн БШКнын жыйынында айтты. Төраганын билдиришинче, Жогорку Сот "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмесинен чыгарылган 9 талапкер тарабынан берилген арыз боюнча чечим чыгарышы керек. Арыз жазгандардын бири "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан.
Айта кетсек, алар тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогонун билдиришип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 18-октябрь күнү арыз менен кайрылышкан. Сот алардын арызын канааттандырган эмес. Эми алардын арызын Жогорку Сот карашы керек.